Лондондо Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов Британиянын канышасы Елизавета II ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Байсалов өзүнүн Facebook`дагы баракчасында билдирди.

Лондондогу Букингем сарайында өткөн салтанатта элчи канышага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жана жалпы кыргыз элинин жылуу каалоо-тилектерин жеткирди. Мындан тышкары элчи канышага кыргыз шырдагын белек кылды.

Байсалов канышага Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу маалымат берип, кыргыз тарап Улуу Британия менен эки тараптуу кызматташтыкка кызыкдар экендигин билдирген.

Каныша Елизавета II жаңы элчинин иштерине ийгилик каалады.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 132