№ 87 мектептин медайымына сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мектептин директору Жаныл Исанова билдирген.

Анын айтымында, буга чейин медайымга даттануу болгон эмес.

«Биз ал өзүнүн иши үчүн акча талап кылып жатканын билген эмеспиз. Бүгүн №14 бейтапкананын жетекчилиги сөгүш жарыялады», — дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңеште Балдар укугу боюнча конвенциянын 30 жылдыгына карата депутаттар жолугушууда № 87 мектептин окуучусу медайым балдарды эмдөөдө акча талап кыларын айткан. Бирок, окуучу кыз залдын реакциясына сүрдөнүп, ыйлап жиберген.

Макала жактыбы?

НетДа
9
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: