Новосибирсктин жашоочусу армияга барбаш үчүн өзүн башка сковородка менен 16 жолу чапкан. Бул тууралуу «Комсомольская правда»  басылмасы шаардык сотко таянып жазды.

2018-жылы май айында 18 жаштагы жигит досторунун көзүнчө өзүн сковордка менен чапкылаган. Ал ооруканага жеткирилип денесинен жараат алганы катталган. Ошентип жазгы чакырууга чейин жигит аскер комиисариятынан жашырынып жүргөн.

Армияга кызмат өтөөдөн качкан жигит үч жолу талап-тоноочулук кылмыштарына катышкан. Мындан тышкары чоң атасы ага пенсиясын берип турган.

Прокуратуранын кийлигишүүсү менен армиядан качкандыгы үчүн тергөө органы кылмыш ишин козгоду. Ага ылайык жигит 3,5 жылга эркинен ажыратылып жана 30 миң сом айып салынды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
8
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 921