Ички иштер министрлиги “Манас” аэропортунда адамды өлтүрүп, аны унаасынын багажына салып кеткен кылмышка шектүүлөрдүн биринин сүрөтүн жарыялады.

Буга чейин бул окуяга шектелип мурда соттолгон Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Б.Ч. жана Ош облусунун 32 жаштагы тургуну И.А. кармалган. Кармалгандардан 100 миң доллардан ашык акча табылган.

Бул кылмышка тиешеси бар дагы 1991-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Мамарасул уулу Акжол изделип жатат. Ал буга чейин бейбаштык, каракчылык жана мүлктү атайын жок кылуу фактылары боюнча соттолгон.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: