Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бычак менен кол салган кишиден жарандарды сактап калгандыгы үчүн троллейбустун айдоочусуна жана милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Айдоочу Светлана Тургумбаева бычак көтөргөн адамды көргөндө дароо жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун ойлогонун жашырган жок.

«Мен ар бир жаранды жете турчу белгиленген аймакка жетиришим милдеттүү. Мен ага: Элге тийбегин, андан көрө мени өлтүр деп айтканга жетиштим», —дейт айдоочу.

Муниципалитеттин Светлане Тургумбаеванын эр жүрөктүүлүгү үчүн мэрдин энчилүү саатын ыйгарды. Ал эми милициянын кайгуул кызматы бакшкармалыгынын кызматкерлери: Адилет Абдылдаев, Мирислам Алимбеков жана Медербек Таалайбековго ыраазычылык айтылды.

Эске салсак 20-ноябрда борбордун көчөлөрүндө жарандарга жана милиция кызматкерлерине бычак шилтеген адам кармалган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
8
33
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 519