Дастан Бекешев интернет аркылуу баңгизат сатып алам деп алданып калды (ВИДЕО)

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Telegram мессенджери аркылуу баңгизат сатып алууга аракет кылган. Ал эксперимент үчүн жасаган видеону өзүнүн YouTube баракчасына жайгаштырды. Депутатка кыргызстандык кайрылып, интернет аркылуу баңгизатын сатууга каршы турууга өтүнгөн.

Бекешев Telegram аркылуу колдонуучуга байланышып,андан баңги жана анын баасын сураган. Колдонуучу өз кезегинде ага баңгизаттын бааларын жиберип акчасын мобилдик капчык аркылуу төлөө керектигин айткан. Акча төлөнгөндөн кийин гана баңгизат деген бөлүккө кирегенге мүмкүндүк берет.

Депутат айткан акчаны төлөп, бирок эмнегедир баңгизат сакталган жердин дарегин ала алган жок.

Мамлекеттик органдар бүл өңдүү баңги сатуучуларга каршы күрөшө алабы деген суроо менен Бекешев тийиштүү структурага кайрылганын белгиледи.

Мен Улуттук банк жана каржы чалгындоо кызматына кайрылдым. Тилекке каршы биздин мамлекеттик органдар буга каршы эч нерсе кыла албайт экен. Улуттук банк 2020-жылдын 1-октябрынан тарта электрондук капчыктар менен иштей баштайт экен. Ошондо гана бул капчыктын артында ким турганын билгенге мүмкүндүк жаралат. Ал эми укук коргоо органдары буга каршы чара көрүүгө мүмкүн эмес экен” – дейт депутат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь