Москвада ири компаниянын директору кыргызстандык таксистке газ чачып жиберген

Москвада Group-IB компаниясынын башкы директору жана түзүүчүсү Илья Сачков Кыргызстандын жаранын газ тапанчасы менен атты. Бул тууралуу Москванын ИИМ билдирди.

20-ноябрь күнү “Форд Фокуста” бара жаткан кыргызстандык автоунаанын тыгынына кабылган. Бул учурда тааныш эмес адам келип ага орой сөздөрү менен жол бошотуп бер деп талап кылган. Жабырлануучунун айтымында тыгындан улам эч кайда жылууга дагы мүмкүн эмес болчу.

Чырдан улам белгисиз адам кыргызстандык таксистти газ тапанчасы менен атып жиберген. Зат такси айдоочунун көзүнө жана колдоруна тийген. Жардамга келген башка айдоочуну дагы атып бирок ага тийбей калган.

Бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп ок чыгарган даран Игорь Сачков экени аныкталган. Ал Group-IB аталышындагы ири менчик компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.

Ишкердин айтуусу боюнча таксисттер Four Seasons мейманкананын алдында ар дайым тыгын жаратышат. Мындан улам чыр чыгып кеткен.

Белгилүү болгондой эки тарап тең бири-бирине каршы милицияга арыз жазышкан.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь