Ош шаарында 23 жаштагы жигит өзүнө бычак сайды. Бул тууралуу Barakeldeге билдиришкен.

Кечээ, 21-ноябрь күнү 23 жаштагы Т.у.Ү. спирт ичимдигин ичип, өмүрүнө кол салган. Алдын ала маалыматка караганда, ал бычак менен курсагынын сол жагына сайып алган. Шаардык ооруканадан билдиришкендей, Т.у.Ү. жаракаты менен кечээ келип түшкөн жана ичине операция жасалган. Учурда абалы орто оор.

Ош ШИИБден билдиришкендей, аталган окуя кылмыштарды каттоо китепчесине катталган. Учурда Т.у.Ү. өзүнө келе элек, ошондуктан сурак иштери баштала элек.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: