Стамбулда атылган жеке ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстанда издөөдө жүргөндүгүн ал каза болгондон кийин белгилүү болду .Баарынан да мурдагы консул Эркин Сопоковго тиешелүү Рейнж Ровер үлгүсүндөгү машина ошол жерде табылгандыгы кумөн ой жаратты. Интернет колдонуучулар  экөөсүнүн мурдатан эле тыгыз мамиледе экендигин жазышып Атамбаевандын «Кыргызавтомаш» ишканасында шоопур болуп жүрүп кийин, президент болгондо резиденциясынын директору кылып дайындаганын айтышы .

Азыркы президент бул кабар коомчулукка жарыялангандан кийин эле көп өтпөй Сопоковду кызматтан алып, азыр УКМК, ТИМден түзүлгөн комиссия Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Ага чейин кыргыз коомчулугун таң калтырган дагы бир жагдайлар ачыкка чыгып кетти. Айрым маалыматтар боюнча, Айеркен Саймаити Фейсбук социалдык тармагында Семет Эркин аттуу аккаунт менен колдончу . Ал баракчада кыргызстандын бир катар саясатчылары менен “дос” (в друзьях) болгон.

Учурда анын “достугунда” депутат Чыныбай Турсунбеков, мурдагы айыл-чарба министри Нурбек Мурашев, жана Темирлан Токобеков жүрөт. Экс-консул Эркин Сопоков дагы бар болчу. Бирок ал мындай окуя болуп кеткенден кийин чыгып кетүүнү туура көргөн . Мындан сырткары депутат Алтынбек Сулаймаовдун, Дүйшөн Төрөкуловдун муфтий Максат ажы Токтомушовдун чогуу түшкөн сүрөттөру бар.

өрөбай Зулпукаров болсо Сопоковдун уулу өзүнүн жардамчысы катары иштеп жүргөндүгүн, атасынын чуулгандуу окуясынан кийин арыз жазып кетип калгандыгын айтып актанды.

Макала жактыбы?

НетДа
5
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 295