Суусамыр өрөөнүндө унаа кырсык катталып, 1 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда ӨКМден Баракелде агенттигине билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Ош унаа жолунун 191-чакырымында болгон. «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу жол боюнда токтоп турган оор жүк ташуучу «Фура» үлгүсүндөгү унаанын артынан сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 4 адам жабыркаган. Учурда жабырлануучулардын аты-жөнү такталып жатат. Куткаруучулар каза болгон адамдын денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар жолдо бара жаткан унаалардын жардамы менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: