Токтогулда 1-класстын окуучусу катуу сабалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1-класстын окуучусу катуу сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу жабыркаган баланын атасы Коммунистбек Абажанов Turmush басылмасына билдирген.

Анын айтымында, уулу Токтогул районуна караштуу Торкен айылындагы Ашыралиев атындагы мектепте 1-класста окуйт. Окуя ушул жылдын 15-ноябрында болгон.

«Мен ошол күнү Кочкор-Ата шаарында болчумун, уулум бир тууган агамдын үйүндө калган. Баламдын айтуусу боюнча, аны 8-класстын окуучусу сабаптыр. Окуусу бүткөндөн кийин мектептен жаңы чыгып, дүкөнгө кирип бара жатканда бир чоң бала чакырып, спорт залга алып кирип кетиптир. Ал акча сураганда балам жок экенин айтса, чөнтөгүн аңтарып таап алыптыр. Анан «эмнеге калп айтасың?» деп биринчи колуна согуптур. Балам ыйласа, «үнүңдү чыгарба» деп катуу уруптур. Ал эшиктен жоон жыгач алып, баламдын буту-колуна, анан жонуна урган экен. Балам дубалды карап башын катса, сумкасын ыргытып салып, бетине дагы согуптур. Анан чөнтөгүндөгү акчасын алып, «эми үнүңдү чыгарбай, түз кетип кал» деп жибериптир. Балам корккон бойдон үйгө келип, эч кимге айтпаптыр. Агамдын улуу кызы анын бетиндеги көк тактарды байкап калып, анан билинди. Мен ошол күнү Кочкор-Атадан келсем, агам «балаңды мектептен сабап коюшуптур» деди. Мен уулумдун денесин көрүп шок болуп калдым. Биз ошол эле айылда төмөнкү көчөдө жашайбыз. Ким урганын сурасам, жогорку көчөдө жашаган бала урганын айтты», – дейт жабыркаган окуучунун атасы.

Кийин баласын Токтогул райондук ооруканасына алып келген. Алар менен чогуу мектептин эки мугалими дагы барган.

” Невропатолог жана көз дарыгерлер текшеришип, бизди Бишкек шаарына жөнөтүштү. Борборго кетерибиздин алдында сабады деген баланын апасы мектепке чакыртылып, биз дагы жолуктук. Апасы «балабыз урган эмес, ал мынчалык сабабайт болчу. Балаңарды башка адам урса керек» деп мойнуна алышкан жок. Биз түнү менен Бишкекке келип, Жалдагы ооруканага бардык. Дарыгерлер текшергенден кийин башынан жаракат алганын айтып, жатып дарылануу керектигин билдиришти. Башын томографиядан өткөрдүк. Мен соттук-медициналык кароодон өткөрөйүн десем, алар арыз жазылгандан кийин гана текшеребиз дешти. Анан Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө барып, арыз жаздым. Алар маалым кат бергенден кийин соттук-медициналык кароодон өткөрдүк. Жыйынтыгы чыга элек», – дейт ал.

Ошондой эле ал мугалимдер окуяны жаап-жашырып жатышканын айтты.

«Балам мектептен катуу сабалып жатса, мугалимдер окуяны жаап-жашырууга аракет кылып жатышат. Мектептин директору жана анын орун басары кызматынан кол жууп калуудан коркууда. Директор «балаңызды чоң эле киши урган, ошол үчүн көк ала болуп жатат» дейт. Эгер чоң киши сабай турган болсо, кичинекей баланын бир жери сынып калмак да. Балам өзү ким урганын көрсөтүп жатса дагы чара көрбөй жатышат. Ошондуктан милицияга кайрылууга аргасыз болдум», – деди Коммунистбек Абажанов.

Булак: Тurmush.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь