Ушул жылдын 31-декабрь күнү Кыргызстанга ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн алып келинген автоунааларды киргизүүдөгү бажы төлөмүн жеңилдетүү мөөнөтү аяктайт. Кеп жарандар жеке пайдаланууга алган автолор тууралуу болуп жатат.

Чечимге ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга автоунаалар бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери менен киргизиле баштайт. Мисалга алсак, КРдеги эң кеңири жайылган 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry унаасын бажылык жол-жоболоштуруу 11 эсеге, тагыраагы, 1 250 доллардан 13 600 долларга чейин жогорулайт.

Sputnik Кыргызстан жеңил автоунааларды алып кирүүдөгү бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн ыңгайлуу калькулятор иштеп чыккан. Бажы төлөмү боюнча жаңы эреженин электромобилдерге тиешеси жок.

Жаңы бааны билүүнү кааласаңыз автоунаанын чыккан жылын, баасын евро түрүндө жана мотордун көлөмүн көрсөтүшүңүз керек.

Буга чейин өкмөттүн токтому аркылуу бензин, дизель менен жүргөн автоунааларга карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасынын өлчөмү 2014-жылкы коюмдардын деңгээлине дейре төмөндөтүлгөн. Мындан тышкары, гибриддик кыймылдаткычтуу унааларга 1 куб сантиметр үчүн 0,5 доллардан 0,6 долларга дейре бажы алымдарынын жана салыгынын өбөлгөлөөчү коюмдары киргизилмек.

Ошол учурда эле быйылкы жылдын аягында жеңилдетүү мөөнөтү аяктары белгилүү болчу. Бирок кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык комиссиясынан аны узартып берүүсүн өтүнгөн.

Бирок аталган комиссия 19-ноябрь күнү Кыргызстандын өтүнүчүн четке какканы белгилүү болду.

Булак: sputnik.kg

Макала жактыбы?

НетДа
5
20
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 983