Айдоочулук күбөлүгү жок дээрлик 50 жылдан бери унаа башкарган Италиянын жергиликтүү тургуну кармалды. Бул тууралуу FaceNews.ua басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 18-ноябрында Тревизо провинциясында катталган жол кырсыгына 77 жаштагы аялдын тиешеси бар болгон. Полиция текшере келгенде анын айдоочулук күбөлүгү болгон эмес. Ал кеминде 50 жылдан ашык убакыттан бери эч кандай айдоочулук күбөлүгү жок эле унаа башкарып жүргөндүгү маалым болгон. Ага айдоочулук күбөлүк берилгендиги тууралуу маалыматтар базасында таптакыр маалыматтар болгон эмес.

Ага  5 миң евро айып пул салынып, унаасы айып аянтчасына токтотулган.

Ал эми 77 жаштагы аял айдоочулук күбөлүгүн жоготуп алгандыгын жана күнөөсү жок экендигин далилдөө үчүн аракет кыларын айткан.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: