Бишкекте “мошенник” кармалды

2017-жылы Э.Н аттуу жаран бир нече адамды жер тилке алууга жана сатууга жардам берем деп алдап, акчаларын алып качып кеткен. Аталган жаранга бир канча жабырлануучулар Октябрь РИИБге арыз менен кайрылышкан.

Ал үч жабырлануучулардын ишенимине кирип жер тилкелерин сатып же алып берем деп ири суммадагы акчаны алган бойдон качып кеткен. Аталган окуялардын баары Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаранын натыйжасында шектүү катары 1971-жылы туулган Э.Н. кармалып, СИЗО-1 мекемесине 2 айга камакка алынды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь