Белгилүү актер, сүрөтчү жана СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкелин 10 күндүн ичинде ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Сүймөнкул Чокморов» коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абрахманов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы тургузулган айкелде кемчиликтер болгон.

«Коомчулукта да нааразычылыктар болду. Айкелди кайрадан жасоону чечип, сынак жарыяланып, аны жаш скульптор Азамат Абдрахманов жеңип алды. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат, 10 күндүн ичинде ачабыз», – деди ал.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 78