Социалдык тармактарда мектептин ичинде окуучу кыздардын мушташы тартылган видео желдей тарады. Окуя Таш-Көмүр шаарында болгонун Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 3-ноябрь күнү Таш-Көмүр шаарынын тургуну С. С. шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арыздануучу №1 Н.Островский атындагы орто мектебинде окуп жаткан 2004-жылы туулган Т. А. аттуу кызын ошол мектепте окуган Адэля деген кыз чачынан тартып, жерге сүйрөп, уруп койгонун айткан. Окуя 29-октябрь күнү саат 11:00 чамасында мектептин коридорунда орун алган. Арыз ээси Адэляга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган арыз боюнча топтолгон материал Таш-Көмүр ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалы.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 9-класстын окуучусу Т.А. мектепте кезметте туруп, 11-класстын кыздарынын кемчиликтерин жазып кеткени белгилүү болгон. Андан кийин Адэля менен мектептин коридорунда жолугуп сөз талашып уруша кеткендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары улантылууда“, – деди маалымат кызматынан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: