Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын президентке ишеним көрсөтпөө демилгесине байланыштуу “Азаттыкка” пикир билдирип, эл өкүлү андай сунушту конкреттүү негизге таянып айтышы керектигин белгиледи.

“Депутат катары андай демилге көтөрүүгө ал укуктуу. Бирок анын келтирген жүйөлөрү туура эмес болууда. “Тамаркасына таш ыргытып турайын, андан ары кандай болот экен” дегендей кеп. Бажыдагы жемкорлук тууралуу маалыматтарды мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго жабыштырып, ал өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган кездеги ишмердигине байланыштырып жатпайбы. Бажы кызматы облустун жетекчилерине баш ийбейт”,– деди Молдалиев.

Карамушкина мамлекеттен чыгарылган миллиондогон долларлар тууралуу журналисттердин иликтөөсүнө байланыштуу ачык-айкын териштирүү жүргүзүүнү, Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп тургандагы ишмердигине баа берүүнү сурап Башкы прокуратурага кат жолдорун 23-ноябрда “Фейсбукка” жазган. Ошондой эле мамлекет башчыга ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгарын билдирген.

Дагы бир саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев журналисттер жарыялаган иликтөөдө 2011-2016-жылдардагы ири жемкорлук жөнүндө сөз болгонун, депутат ошол жылдары мамлекетти ким башкарганына да көңүл буруп коюшу керектигин белгиледи

Булак: азаттык

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: