Кытайдын жараны, ишкер Айеркен Саймаитини өлтүргөн учур камерага түшүп калган. Ал кадр Саймаити отурган мейманкананын кафесинин камерасына тартылып калган. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Айеркен Саймаитиге кол салган кылмыш боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө полиция мейманкананын камераларын да текшерген. Ошол камерага тартылган кадрлардан Саймаитини өлтүргөндөр ал мейманканага бир нече жолу келип аңдуу жүргүзүшкөнү тартылган.

Мындан сырткары кадрлардан мейманкананын алдындагы столдо үч адамдын отурганын, бир убакта бир адам кирип келип Саймаитини тапанча менен атып, анан ошол замат качып кеткенин көрүүгө болот.

Эске салсак, Саймаити 10-ноябрь күнү киши колдуу каза болду. Ага эки куралчан жаран кол салып, окуя болгон жерден алар качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми ишкер алган жаратынан улам ооруканада жан берген. Айеркен Саймаитини болгону 1000 доллар акчага атып кетишкен.

Макала жактыбы?

НетДа
11
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: