Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында 9-класстын эки окуучусу классташын сабаганын жергиликтүүлөр билдиришти. Мындай окуя болгонун Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 24-октябрында саат 09:20 чамасында №10 Көк-Арт орто мектебинде болгон. 9-класстын окуучулары — 2004-жылы туулган К.А. жана 2005-жылы туулган Т.А. ошол эле мектептин 9-классынын окуучусу, 2004-жылы туулган Т.М.ны уруп, денесине жараат келтиришкен.

Аталган факт боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин (ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жабырлануучунун алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иш боюнча күбө катары 8 окуучу жана 2 мугалим суракка алынган.

“Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, М.Т. жеңил жараат алганы, ден соолугунун калыптануусуна 7 күндөн ашык, бирок 21 күндөн ашпаган мөөнөт талап кылынары, жаракаттардын пайда болуу мөөнөтү окуя болгон убакытка дал келери аныкталган. Учурда шектүүлөргө карата мыйзамдуу чара көрүү үчүн иш сотко жөнөтүлүү алдында турат», – деп билдиришти милициядан.

 

Булак: Turmush.kg

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: