Биз эч качан американын саясатын көздөгөн журналисттерге каалаганын кылууга жол бербешибиз керек. Социалдык тармактарда эртеңки боло турчу митинг пикетке карата түрдүү пикирлер айтылып жатат. Анын ичинде элдин тынчтыгын бузбоого чакырыктар да ташталууда. Айрымдар бул акциянын аркасында чет өлкөдөн каржыланган бей өкмөт уюмдар тураарын ачык жазып жатат. Фейсбуук колдонуучусу Улан Жумаков төмөнкүдөй пикирин билдирген.

Америка тарапташ журналисттер өзүнө тергөөчү же сот бийлигинин макамын алып алышып журналисттик иликтөө кылганы бул чынында ойго келбес көрүнүш. Мага бул бир макала үчүн эркинен ажыратып же атууга кеткен СССР дин ички иштер комиссариаты өкүм сүрүп турган кезди элестетип жатат. Биздин өзүбүздүн деле бийлик органдары, же болбосо укук коргоо органдары бар. Биз эч качан американын саясатын көздөгөн журналисттерге каалаганын кылууга жол бербешибиз керек. Албетте алар учурдагыдай бир тараптуу эмес объективдүү чындыкты жазып жатса түшүнөм. Демек Азаттык жазды ал сөзссүз чындык болуш керекпи? Силер өзүңөрдү пайгамбар санап алдыңарбы? Силерге бир гана аянтка бир сүрмө топту чогултуп алуу. Андан ары эмне болоорун билбейсиңер. Силерде бир гана максат бар элди чогултуп президентти күнөөлөө. Балдар токтоткула. Силер толук журналисттик этикадан чыгып жатасыңар. Силер чынында саясат менен ойноп жатасыңар. Президентке, кыргыз элине акыл айтчу силер эмессиңер.Баардыгынын өз ойлору бар, бир гана силердин эмес, силер өзүңөр деле демократиялык баалуулуктарды какшап келесиңер го. Бирок силер чыгарган иликтөөңөрдө эч бир соттун чечмисиз эле жарандарды коррупционер кылып коюп жатасыңар. А силер “Атамбаевчилер” болуп алдыңар, ал дагы эч бир териштүрүүсүз эле каршылаштарын коррупционер деп камак салган. Жакында эле Тажикистанда «Азаттык» бир адамга иштеп жатканын америкалыктар өздөру айтып чыгышты го? Мен бул жерден да ошол көрүнүштү көрүп турам. Мындан улам АКШнын конгресси бул кылыгыңарды дыкат териштирет деп ойлойм

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: