Аманбол мырза, саламатсызбы?

Саламатчылык.

Бүгүн тынчтык митингге позицияңызды билдирип бардыңызбы?

Коррупцияга каршы күрөшкө  өз позициямды билдирип бардым. Бирок мага жакпаган көп жагдайлар болду ошон  үчүн  кетип  калдым.

“Реакция” деген аталыштагы митингде сиз  эмнелерди байкай алдыңыз?

Бул жерде ачык эле феминисттер  акцияны уюштурушканы  көрүнүп турат. “Реакция” деген аталыштагы  тынчтык минтингтин артында   Америка  тургандыгын  Улан Үсөйүндөн эле баса белгилеп  айтса болот.  Жакында эле Улан Үсөйүн Америкага барып келген  аны коомчулук жакшы билет. Америкага барган сырдуу сапар боюнча    “Спунтик”  маалымат  сайты   активист Аманбол  Бабакулов да барды  деп сүрөтүм менен жазып коюшкан. “Спутник» сайтына чалып,  Америкага  Аманбол Бабакулов эмес,  Улан Үсөйүн   барганын   айтып сүрөтүмдү алдырттым эле. Бүгүнкү акцияда  феминисттердин,  ЛГБТдин  түсүн  чагылдырган кол чатырларды  көтөрүп жүргөндөрдү  көрүп, артка чегинип кетип калдым. Бул жерде катардагы  жарандар, жарандык  активисттер өз пикирлерин билдирет  деп  интернеттен чакырык салышкан. Эч кимге микрафон беришкен жок. Бул туура эмес. Эл өз үнүн тынчтык акциясында билдире албаса анда акцияны уюштуруп кереги  бар беле? Мен  ойлойм бул жерде  бир эле  Райымбек Матраимов эмес,  бүт тармактагы коррупция   жана башка коррупционерлер  боюнча ачуу чындыктар айтылышы керек эле. Ачыктан ачык көрүнүп калды жөн гана  митинг эмне экенин билбеген мадыра баш жаштарды чыгарып жөн гана фото отчёт гана кылышты. Ал жаштар эч нерсени деле талдап түшүнбөй эле басып жүрүштү. Митингдин эрежеси боюнча аягнда  резолюция кабыл  алынып,  бийликке талаптар коюлуп, мөөнөт  айтылыш керек болчу.  Күн  мурун репитиция кылгандай  “Раим   камалсын” деп кыйкырып тарап кетишти.

Айрым бир маалыматтарда   Америка элчилигине 60 млн доллар келди деген маалымат тарап кетти. Мунун канчалык чындыгы бар?

Бул маалыматты да дыкат караш керек. Бирок “Реакция” акциясына  акча  Америкадан келгенин далилдешти деп ойлойм.

Эмнеге?

27-ноябрда  5 мамлекеттин президенттери Кыргызстанга кеңешмеге келет. Ушул  расмий кеңешменин алды Кыргыз мамлекеттинин аброюн түшүрүү максатында уюшулду деп кесе эле айтыш керек.  Мунун баары жөн эмес, чоң саясат .  Америкалык укук коргоочулардын  башында турушу бул факты.

Сиз “Азаттыктын”  чуулагандуу иликтөөсүнө ишенсизби?

“Азаттык” медиасынын иликтөөсү  көп күмөн суроолорду жаратып жатат. Менин көз карашымда “  Азаттык “    Айеркен Саймаитинин видеосун эмнеге мурун чыгарган эмес. Айеркен Саймаити  өлтүрүлгөндөн кийин “Азаттык”   ал видеодогу  сүйлөшүүнүн  керектүү жагын гана көрсөтүштү. Эмнеге толук сүйлөшүүнү берген жок. Дагы бир күмөндүү суроо  эмнеге видео версияны чыгарышты .  А фактыларды кагаз жүзүндө  жарыялабай жатышат.  Коопсуздук кеңешмесине бул кагаздары толук бере алышабы? Мен жарандык активист катары   Айеркен Саймаити менен журналисттин видео  сүйлөшүүсү толук   коомчулук алдына чыгарсын деп талап кылам.

Булак: racurs.kg

Макала жактыбы?

НетДа
11
2
Loading...
Просмотров: 197