Парламенттик шайлоо жакындаганы бир катар саясий партиялар кызуу аракетке өттү. Ошол эле убакта алардан кем калбай сырткы саясий күчтөр да өлкөбүздүн ички саясатына кийлигишүү аракетин баштаганы байкалууда. Мисалы, NED (National Endowment for Democracy) америкалык эл аралык уюму да бийликке каршы турушкан Кыргызстандагы бейформал жаштар уюмдарына, ММКларга жана жарандык коомдун лидерлерине гранттык жардамдардын көлөмүн көбөйтүүгө киришкени билинди. Адегенде бул эмне болгон эл аралык уюм экени тууралуу кыскача түшүндүрмө берип кетели.

NED – 1983-жылы АКШ Конгресси тарабынан негизделген. Анын статусу «бейөкмөт уюм» деп аталганы менен фонддун бюджетинин 95%ы АКШнын бюджетинен каржыланат. «Демократияны колдоо» деген шылтоо менен алар түстүү революцияларды уюштуруп, антиамерикалык өкмөттөргө каршы сүйлөшүп, бийликке америкачылдарды алып келишип, дүйнө жүзүндө АКШнын кызыкчылыгын үстөмдүк кылуу үчүн гана иштешет. Бул уюм бир катар өлкөлөрдө түстүү революцияларды каржылаганын жашыра албайт.

Мисалы, Польшада «Солидарность» оппозициялык кыймылын, Чехославакияда «Хартия 77» кыймылын, Сербияда «Отпор» кыймылына миллиондорду бөлгөн. 2015-жылы июлда Россиянын башкы прокуратурасы NED эл аралык уюмун «керексиз уюм» деп тапкан. Бул уюм 2014-2015-жылдары Россиядагы бейөкмөт уюмдарына 9,3 млн доллар багыттаган. Ал эми Казакстандагы жаштар кыймылына 1 млн доллар, украиналык бейөкмөт уюмдарына 14 млн доллардын тегерегинде акча жумшаган. NED өзүнүн 2015-жылдагы отчетунда «Биздин берген гранттарыбыз Киев шаарындагы (Украина) Евромайдандын башталгыч этабында маанилүү роль ойноду» деп билдирген.

Эми ушул уюм Кыргызстандын ичинде активдүү аракетин баштаганын айтып коелу. Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда ушул жылдын орто чендеринде аталган уюмдун өкүлдөрү Кыргызстанга келип, бир катар бейөкмөтчүлөр жана журналисттер, ошондой эле мамлекетибиздеги деструктивдүү маанайдагы саясий ишмерлер менен жолугушуп кайткан. Кимдер менен жолугушканын тактай кетели – «Биздин укук» коомдук фондунун директору Калича Умуралиева, «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова, Жогорку Кеңештин эки жолку экс-депутаты Равшан Жээнбеков, «Демократия жана жарандык коом үчүн» уюмунун жетекчиси Дина Ошурахунова, «Прецедент өнөктөштүк тобу» коомдук бирикмесинин экс-жетекчиси Нурбек Токтакунов, «Конституциялык жыйын үчүн» кыймылынын аткаруучу директору Рита Карасартова, активист Адил Турдукулов, журналист Болот Сатаркулов, гей-лесбиянкалардын укугу үчүн күрөшкөн активист Алибек Алканов, «Жарандык коомду колдоо борборлорунун Ассоциациясы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Чолпон Акматова, «Жаштардын укук коргоо тобу» коомдук бирикмесинин директору Надира Эшматова, «Тынчтык инициативалары» коомдук бирикмесинин өкүлү Айбек Муратов, «Эл аралык толеранттуулук үчүн» уюмунун өкүлү Бахрамжон Рахманкулов, бизнес-консультант Марат Баязов жана башкалар.

NED эл аралык уюмунун өкүлү ДЖ. Белл борбор калаабыздагы «Релакс» кафесинде бир нече бейөкмөтчүлөр менен чогуу сүйлөшүп отуруп, алардын арасында Рита Карасартова менен өзүнчө бөлүнүп алып, узакка сүйлөшкөн экен. Анда Рита айым чет элдикке өлкөбүздөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу маалыматтарды өтө берилүү менен айтып берген дешет. Мисалы, ал ММКлардын жана интернеттеги соцтүйүндөрдүн активдүүлүгү менен россиялык компания иштете турган болгон Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү токтотулганын, деги эле республика боюнча уран кендерин казууга тыюу салынганын айтып бергенин тана албаса керек. Анан дагы Карасартова «учурдагы бийлик «олигархиялык» болуп саналат, кандайдыр бир жакшы жакка өзгөрүү күтүлгөн жок» деп айтканбы?

Ошондой эле Рита айым Кыргызстанда «Апрель ТВ», «Kloop.kg», «Супер-инфо» гезитин бийликке каршы иштеп бере турган маалымат каражаттары катары тааныштырганын тана алабы? Башка күнү ошол эле NEDдин өкүлү Дж. Белл борбор калаабыздагы «Бублик» кафесинде Равшан Жээнбеков жана анын жакын досу болгон саясий эксперт Марат Баязов менен жолугушкан дешет. Жолугушууда NED уюмунан финансылык колдоо алуу тууралуу сөз болгон. Анан дагы Р. Жээнбеков «Бүгүнкү өкмөттүн кырдаалды оңдоого күчү жетпей калды. Бизде жетишээрлик күчтүү оппозиция бар» деп, анан өзүн «премьер-министрлик кызматка барам, мени түндүк региондогу облустар колдошот» дегени жалганбы? Ал эми М. Баязов болсо «Биз иштеп жатабыз, бирок акча аз, ал эми эл аралык уюм тарабынан талаптар чоң» дегени чынбы? Эгерде жакшы финансылык колдоо болсо, өлкөбүздөгү кырдаалды 2010-жылдагы сценарий менен өзгөртсө болот деп да айткан экен.

Мына ушундай жолугушууларды өткөргөн NEDдин өкүлдөрү финансылык колдоону күчөтүүнү убада кылып кетишкен. Эми алардын кучагына Алтынбек Сулайманов өңдүү парламент депутаттары да тартылып атканы айтыла баштады. Андыктан элибиз азыртадан кимдин ким экенин билип алышы керек. Бизге АКШнын арам оюн ишке ашырууну көздөгөн чыккынчылардын кереги жок. Шайлоодо ушуну эске алышыбыз керек.

Макала жактыбы?

НетДа
20
5
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: