Мындай пикирин журналист Баяна Кулова өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. Кулованын билдиргенине караганда, Токтогулдун дарыгерлери баланы көрөөр замат эле “Муну чоң киши сабаган го”-дешиптир.

Текстти өзгөртпөй толук беребиз:

Өткөн жумада Токтогул районундагы Торкен айылынан окуучу сабалыптыр (((…Бала өзү туугандарынын колунда калган, апасы Россияга кеткен окуучу. Атасы деле чогуу жашабайт… Баланы көрүп эле Бишкектин жана Токтогулдун врачтары “муну чоң киши урган го”-дешиптир. Бирок мени баланча окуучу сабады деп башка эле баланы көрсөтүп жатыптыр. Атасы да акчасы көп, эжелеринин акчасы көп неме!! Мейли ким сабаганын экспертиза чыгарып алаар. Баланын атасы ажылдап сөзгө келбей жатат…. Өкүнгөнүм азыр мектеп директору менен класс жетекчи алты сааттап, тогуз сааттап ушул кышкы суукта Токтогулда суракта жүрүшөт. Кимге керек ушунча мугалимдерди кыйноо? Балдарга өтүлбөй калды сабактар, зарылбы? Мугалимдин укугун коргобой жатып кантип мугалимдерден сапаттуу билим талап кылабыз? Балдарыбыз көчөдө мушташса мугалимди тогуз сааттап суракка алат деген дүйнөдө жок мыйзам бизде иштейт!! Эмнеге Токтогулдун ары жок кичинекей кызматкери барып алып директорду ата-энелердин көзүнчө тилдейт? ..окуп жатасыз билем. Ордуңузду көрсөтүп коюуу колдон келет, тынч болуңуз, кыйкырынып директорго министр болбой. Кудайга шүгүр министрлер деле сиздей алкынып жулкунбайт! Урматтуу мен сыйлаган депутаттар, Аида Камчыбековна, Төрөбай Закирович, Алтынбек Жунус уулу, Марлен Абдрахманович, Рада Мураталыевна, көңүл буруп бериңиздер. Бир эле сүйлөм, мыйзамга өзгөртүү киргизүү “мектептен чыгып кеткен соң баланын коопсуздугу уруш талашы үчүн мугалим жооп бербейт”-деп жазып бериңиздер!! Урматтуу Каныбек Абдуваситович, мугалимдер он сааттап үшүп шишип суракта жүрсө сиз унчукпайсыз да. Сизден башка алардын укугун ким көтөрөт, ким коргойт?? Ата-энелер ажылдап баласынын чыпалагы чарпылып кетсе, мугалимдерди баса калышат. Алар балдарына качан тарбия берет экен? Башка тартиптүү балдар билим алуудан аксап атат мындай учурларда сабак үзгүлтүккө учурап!! Сизден бир жумадан бери мугалимдер реакция болоор бекен деп үмүт кылып олтурушат. Тилдери кыска болуп мугалимдер кор болуп кетти. Аксыдагыдай окуя кайталанып көп жылдык тажырыйбасы бар мугалимдер талаада калбасын. Ата-энелерге жагынганды токтотосуздар деп ойлойм!

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1-класстын окуучусу катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Окуя ушул жылдын 15-ноябрында болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: