«Коррупция менен күрөш  оор маселе. Биз азыр ушул жаатта күрөшүп жатабыз», — деди президент Сооронбай Жээнбеков «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде.

Мамлекет башчы жемкорлукка каршы күрөшүүдө мамлекетте эрк бар экенин, анын алкагында коррупция менен күрөшкөн органдарды тазалоо жүрүп жатканын белгиледи.

«Эң негизги маселе — биз коррупция менен күрөштү жакшыртыш үчүн ошол жемкорлук менен күрөшүп жаткан органдардын өзүн тазалашыбыз керек. Бул кайсы органдар? Милиция, прокуратура, сот системасы, Финансы полициясы жана Эсептөө палатасы. Ошондо гана жыйынтык болот. Тазалоо процессин улантабыз, туура эмес адамдардан арылабыз», — дейт өлкө башчысы.

Президент коррупционерлерди туугандары коргоп чыгарына токтолду:

“Сураштыра келсең эле баары бири-бирине тууган болуп чыга келет. Анан кайсы бир аткаминер коррупцияга шектелсе, анын туугандары актап чыгууга шашат. Мындай нерсе бизде бар. Бирок акыркы кезде ушундай сыяктуу көрүнүштөр жоголо баштады”, — деди ал.

Мамлекет башчы эл коррупцияга каршы аёосуз күрөштү колдоп жатканын айтып, алдыга коюлган максаттардын бардыгы ишке ашат деп ишендирди.

 

Булак: Жебе Медиа

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 100