27-28-ноябрь күнү Бишкек шаарында ЖККУнун жамааттык коопсуздук кызматынын кеңешинин сессиясы өтүп, ага ЖККУга катышуучу-мамлекеттердин башчылары катышат. Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарында, Чүй облусунда мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү учурунда транспорттук каражаттардын кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилмекчи. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Делегациянын өтүү убактарында төмөнкү унаа жолдорунда чектөөлөр коюлмакчы.

-“Манас” аэропортунан баштап Фучик көчөсү боюнча Жибек-Жолу проспектисине чейин;

– Фучика көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

-Жибек-Жолу проспектисинен Манас проспектисине чейин;

-Чүй проспектиси менен Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;

-Ж.Абдрахманов көчөсү менен Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;

-Манас проспектиси менен Ч. Айтматов проспектилеринен Мамлекеттик резиденцияга чейин;

“Урматтуу жарандар жана шаардын коноктору! Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги жарандар менен шаардын конокторун түшүнүү менен кабыл алууларын суранат.  Айдоонун эрежелери менен маданиятын сактаңыздар. Транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн жолдордун жээктерине токтотпоңуздар. Карама-каршы тилкеге чыгып, тыгындарды жана жол кыймылынын башка катышуучуларына ыңгайсыздыкты жаратпаңыздар. Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка региондоруна учуп кетүүнү жана сапар алууну көздөгөн жарандар, жолдордогу тыгындарда калып, рейстерге кечигип калууларын алдын алуу үчүн өз каттамдарын өз убагында пландап алып, “Манас” аэропортуна, Бишкек шаарындагы темир жол бекетине жана батыш автобекетине эртерээк келүүлөрүн суранат. ИИМ жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен кабыл алууларына ишеним артат. Ошондой эле, өзгөрүүлөр боло турган болсо, кошумча маалыматтар берилет” – дейт ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Булак: KYRGYZTODAY.KG

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: