Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев 27-ноябрда мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, иш сапардын алкагында кыргыз-казак кызматташтыгы боюнча пикир алмашуу болот. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу бир нече документке кол коюу пландалып жатат.

«Чек ара кызматташтыгы, миграция, саламаттыкты сактоо, транспорт жана башка тармактар боюнча документтерге кол коюу күтүлүүдө. Мындан тышкары иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын өлкөлөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму өтөт. Мындай отурум акыркы 5 жылдан бери биринчи жолу өтүп жатканын белгилеп кетүү керек», – деди ал.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 68