Учурда Жогорку Кеңеште Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат. Анда комиссиянын төрагалыгына Талант Мамытов шайланды. Ошондой эле депутат Алтынбек Сулайманов аталган комиссиянын курамын четтеди.

Жогорку Кеңеште уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Мындай чечим парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында кабыл алынган. Ага КСДП фракциясынан Искендер Матраимов, Өмүрбек Бакиров, Сайдиломжон Жураев жана Аалы Карашев, «Республика – Ата Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов кирди. «Кыргызстандан» Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Өнүгүү-Прогресстен» Тынчтык Шайназаров, «Бир Болдон» Алтынбек Сулайманов, «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирген болчу. Ал эми буга чейин комиссиянын курамынан Искендер Матраимов чыккан.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 131