Аткезчиликтин айынан бул жылы бюджетке 8,2 миллиард сом түшпөйт. Бул тууралуу экономикалык жана фискалдык саясат тармагы боюнча парламенттик отурумда депутат Азамат Арапбаев билдирди.

Анын айтымында бюджет ички инвесторлордон 3 милллиард сом жоготот. Буга себеп салыктын толук төлөнбөгөндүгү. Ишкерлер мыйзамсыз ташылган жүктөр менен тиреше алышпайт.

“ 2019-жылы бизге 3,1 миллиард сом түшпөй калды. Мисалга: 60 миң тонна дизель күйүүчү майы жана 60 миң тонна бензин, бул деген 120 миң тонна күйүүчү майды Кыргызстандан төлөмү жок чыгарылып кетти. Мындан кошумча нарк салыктарды жана дагы башка салыктарды алып салууга болот. Ун боюнча айтсак, 2014- жылы буудайды расмий импорттоо 460 миң тонна болсо, 2018-жылы 80 миң тонна. Бул болсо 360 миң тонна буудай бизге келбей калды. Бул эсепте жок салыгы төлөнбөгөн жүк. Азыр республикабызда дээрлик тегирмендер жок калды. Миңден ашуун адам жумушсуз калды. Демек алар да эмгек миргациясына кетишти“,- деп белгиледи Азамат Арапбаев.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: