Белгисиз адамдар Бишкектеги банктардын биринин филиалын тоноп кетишти. Бүгүн таңга маал Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде куралчан адамдар менчик агенттиктин күзөтчүсүн ур-токмокко алып, кассадагы акчаны уурдап кетишкен.
Каракчылардын курмандыгы болгон бул “ЭкоИсламикБанк” экени айтылууда. Ички иштер министрлиги Бишкекке “Кармоо” планын жарыялады. Учурда шектүүлөр изделүүдө.