Нарын шаарынын борбордук базарындагы дүкөндөрдүн биринен косметика уурдаган жаш кыздар видеобайкоого түшүп калышкан. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазды.

Дүкөндүн ээсинин айтымында Нарынга келип бир күн соода кылган учурда эле 3 жолу уруулук болгон.  Анын айтымында, бул дүкөндө уурулук кылып, камерага түшүп калгандардын сүрөтү атайын тактага илинчү. Кийин ал такта алып салынгандан кийин уурулук кылгандардын саны көбөйүп баштаган.

Буга чейин уурулардын сүрөтүн илип койчубуз. Мындай кадам менен бир канчалаган адамдарды тыйчу элек. Ошол сүрөттөр алынгандан бери 5 жолу уурулук болуп, көбүнчө аялдар кармалды. Милицияга канчадан бери кайрылып келебиз, эч жыйынтык жок. Айла кеткенде жанагы тактаны ойлоп тапканбыз” , – деди ал.

Ал эми сатуучу болуп иштеген Элзат Мусакова уурулук кылгандарды кармаган учурда алар тараптан коркутуу, үркүтүүлөр болорун билдирди.

«Иштеп баштаганыма бир айдын жүзү болуп калды. Ошондон бери 5 жолу уурулук болду. Бир жолу 45 жаштагы аял киши баласы менен келип, жалпысынан 360 сомдук товарды уурдашты. Жаш балдар көбүнчө клей, кыздар болсо косметика уурдашат. Кармалгандар «дагы жолугабыз, көрүшөбүз» деп коркутушат», – деди Элзат Мусаков.

Дүкөндүн ээси аталган окуя боюнча милицияга арыз жазган эмес.

Буга чейин Нарын шаарынын борбордук базарындагы дүкөндөрдүн биринде илинген «Уурулардын тактасы» боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын Нарын ОИИБден билдиришкен болчу. Жергиликтүү тургундар аталган тактаны талкууга алышып, анда аял менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн сүрөтү илинбеши керектигин айтышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: