Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы оң рулдуу автоунааларды алып кирип, мыйзамсыз каттоого алган схема аныкталганын маалымдады. Атайын кызматтын маалыматында, бул мыйзамсыз иш Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» ишканасынын айрым кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп турган.

23-ноябрда ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде жогорудагы схема менен тыштан кирген оң рулдуу 10 машинени кармашкан. Кылмышка шектүү катары «Унаа» ишканасынын Б.М. аттуу кызматкери 2 айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал атайын тараптар менен сүйлөшүп алып, 100-200 доллар сый акыга мыйзамсыз иштерди жасап жүргөн.

Учурда бул мыйзамсыз схемага тиешеси бар дагы башка тийиштүү кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда 2015-жылдан баштап оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салынган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: