ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчысы Талант Исаев өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча 24.kg ге комментарий берди. Анын айтымында 2011-жылы ал эч бир мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Андыктан кызматынан кыянаттык менен пайдалануу деген айып болушу мүмкүн эмес.

Эске салсак, 2010-жылы апрель коогалаңынан кийин Талант Исаевди ички иштер министринин орун басарлыгынан четтетишкен.

Мен чынында эле “Манас менеджмент” жабык акционердик коомунда иштегем. Ал убакта компания жеке менчик болчу. Эгер мен мамлекеттик кызматта иштебесем ал убакта мен ИИМде да иштечү эмесмин анан кандай кыянаттык кылмак элем. Мага пайызсыз насыя жеке компаниянын директорлор башкармасы тарабынан берилген. Азыр ал “Манас” аэропортуна таандык, ал эми 2015- жылга чейин жеке менчик болчу. Жаран катары мен насыя алууга укугум бар эле”, -дейт Талант Исаев.

Ал тергөө органдары аны чакырбаганын да кошумчалады.

Мага белгилүү болгондой ИИМдин иликтөө кызматы текшерүүнү ММК да жарыяланган материалдар аркылуу жүргүзгөн. Кийинчерээк алар ишти Башкы прокуратурага өткөрүп беришкен, иликтөө органдары болсо аны УКМКга жиберген” -деди Талант Исаев.

Белгилей кетсек, милициянын генерал-майору Талантбек Исаевге карата иш 320 («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. УКМКнын маалыматыда,  Исаевдин иши 2011-жылы «Манас Менежмент» компаниясында иштеп турган учурдагы каржылык маселеге байланыштуу иликтенип жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 496