Кечээ 25-ноябрь күнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Түркиянын Кыргызстандын Элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Түркиянын ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелерди, анын ичинен Стамбулда жасалган кылмыш-Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алышты.

Ошондой эле,Кашкар Жунушалиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар укук коргоо органдарынын учурдагы эки тараптуу кызматташууларына жогору баа беришип, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо максатында мындан ары куч-аракеттерди жумшоолорун баса белгилешти.
Телефон менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашыкан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: