Алып баруучу Назира Айтбекованын белгилүү ишкер Аскар Салымбеков менен түшкөн сүрөтү окурмандардын кызуу талкуусун жаратууда. Айтбекова бул сүрөттү жүктөп, өкүл ата тууралуу суроо берген.

“”Айкөлдүк” эл аралык кайрымдуулук фондусунун “Ак жүрөк ” белгисин тапшыруу аземинен сүрөт. Аскар Мааткабылович өкүл ата болом дегенден бери үйлөнгүсү келгендер көп. “Чын эле өкүл атаңбы?” деп сурашат алгач. Ооба десең эле “Качан үйлөнөлү?- дейт. Азыр өкүл атага жараша үйлөнүп калган окшойт ээ?”,- деп собол узатты Назира Айтбекова.

Бул пост окурмандардын талкуусуна жем таштап, алар кыргыздын өкүл ата коюу каадасы боюнча өз пикирлерин жазышууда.

Эскерте кетсек, Назира Айтбекова белгилүү алып баруучу гана эмес, «Стоп Трафик», «Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем»,«Көк-Салкын» фильмдеринде жана бир катар долбоорлордо аткарган ролдору менен элге таанымал актриса. Назира айым социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу болуп эсептелет.

argument.kg

Макала жактыбы?

НетДа
3
1
Loading...
Просмотров: 332