Бишкек шаарында сууктан тоңуп өлгөндөрдүн саны 12 адамга жетти. Бул тууралуу республикалык соттук-медициналык экспертизанын директору Данияр Кошоков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.

24-ноярдан 25-ноябрга караган түнү беш киши суукка тоңуп каза болгону аныкталган. Алардын үчөө аял, экөө эркек. Андан бери дагы суукка тоңгон жети адамдын сөөгү табылган. Милиция билдиргендей, алардын баары үй-жайсыз адамдар.

Бишкек шаарынын мэриясы шаарда суук күчөгөнүнө байланыштуу үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалка берүүчү түйүндөр ачылганын билдирген.

Жибек Жолу № 413 дарегинде «Коломто» борбору. Учурда бул жерде 74 адам бар. Бирок үй-жайы жок, көчөдө жүргөн деп катталып, жашап тургандардын саны 80ден ашат. «Коломтонун» телефону — 30-48-55. Фере көчөсүндөгү №34а үйүндө ушундай дагы бир жай иштөөдө. Анда 51 киши баш калкалап турат. Телефону: 36-03-35. Ошондой эле Токомбаев көчөсүндө жайгашкан «Тазалык» ишканасынын имаратына келип баш калкаласа болот. Телефону: 51-19-38. Аталган жайларда бир маал ысык тамак жана ысык чай берилери айтылды.

Бүгүнтөн тарта өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөй турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 157