Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук отурум жарыш сөзгө өттү. Анда мамлекеттик айыптоочу Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун баасы жогорулатылып калганын төмөнкү фактылар далилдейт деди.

-2008- жылы Улуттук энергетикалык программанын алкагында Бишкектеги ЖЭБти 50 млн АКШ долларына реабилитациялоо иши сунушталган;

– 2010- жылдын башында Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик ЖЭБди жаңылоо иши $150 миллион деп баалашкан.

Кытай компаниясы ТВЕА 200 млн долларга жаңылап берүүнү сунуштайт. Бирок Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик бул кымбат деп баш тартышкан. Анын үстүнө ошол маалда эле ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү шектүү коррупциялык жолдорду сунуштаганы байкалат.

Мындан улам алар менен мындан ары бул сүйлөшпөө чечими кабыл алынган. Бул сүйлөшүүлөрдүн баардыгына Сапар Исаков аталган агенттиктин байланыш бөлүмүнүн башчысы катары катышкан жана уюштурган. Демек ал ТВЕА компаниясы туурасында негативдүү маалыматтарды билген. Ошого карабастан кийин Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда ТВЕА компаниясына жан үрөп тартканы байкалган.

-КР Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегияга, 2013-2017-жылдарда ЖЭБди 150 млн АКШ долларына оңдоп түзөө планы киргизилген. Бирок эмнегедир 2013-жылы эч себепсиз эле, мурда белгиленген сумма 2 эседен да ашык жогорулап, Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун наркы 386 млн долларды чапчыйт. Модернизациялоону ТВЕА компаниясы кылмай болот.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: