25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн «#REакция» аттуу жарандык акцияга чыккан “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынын төрагасы Руслан Казакбаевдин жардамчысы Дайан Белек сынга алынууда. Социалдык тармактын колдонуучулары жумуш күнү ишин таштап акцияда жүргөндүгүн талкууга алышты.

Казакбаев ошол учурда командировкада болгонун Элдик Медиага билдирди. Ал жардамчысынын жумуш учурунда акцияга катышкандыгын туура эмес деп эсептейт.

Ал түшкө маалда жолдоштору менен көргөнү чыккам деп мага түшүнүк кат жазды. Жардамчылар кечке чейин кагаздарын көтөрүп берилген тапшырманы аткарып иштеп жүрүшөт. Ошол убакта чыкса керек, бул боюнча дагы өзү менен сүйлөшөм, сөзсүз чара көрөбүз. Жумуш убакта бардык мамлекеттик кызматкерлер ишин таштап жүргөнү туура эмес да” ,- деп билдирди Казакбаев.

Эске салсак, акциянын катышуучулары бажы тармагындагы коррупцияны жоюуну, реалдуу реформаны талап кылышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: