Ленинград облусунда кыргызстандык көпүрөдөн кулап мерт кетти

59

Ленинград облусунда кыргызстандык жаран көпүрөдөн кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Орусиянын «Идж Ичташ Асталди Иджа Иншаат Аноним Ширкети» компаниясында айдоочу болуп иштеп жүргөн кыргызстандык сөөгү жолдон табылган. Билдирүү полицияга 22-ноябрда келип түшкөн.

Маркум Ысык-Көл облусунун 43 жаштагы тургуну болгон, анын сөөгү учак аркылуу 27-ноябрда мекенине жиберилет.

Алдын ала корутундуга ылайык, К.Т.Ж. бийиктиктен кулап кетип мерт болгон. Маркум иштеп жүргөн фирма жүк-200дүн чыгымдарын толугу менен мойнуна алды. Анын артында балдары калгандыгына байланыштуу, фирма компенсация жана айлыктарынын баарын төлөп бермекчи.

Тосно шаарынын тергөө бөлүмү 30 күн ичинде кырсыктын жагдайларын текшерип чыгып, кылмыш ишин козгоп же козгобой турганын чечет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь