Бишкектин четиндеги Ак-өргө конушунун тургуну Гүлбүбү Мамырова үйүнөн 1 миллион сомдон ашык акчасын уурдатып ,сыздап отурат. Ал бул каражатты Түркияда бооруна операция жасатуу үчүн бир нече убакыттан бери чогултуп, кайрымдуулук концерт да өткөргөн.
 
Мамырованын айтымында, акчаны аларды билген эле адамдар уурдагандай. Себеби акчаны экиге бөлүп, эки башка бөлмөлөрдө сактап келе жаткан. Карактаган адамдар үйгө терезе аркылуу кирип, акчадан сырткары эч нерсеге тийген эмес.
 
Мен ал күнү кезектеги даарылануума кеткем. Балдар, кыздарым окууда, иште болчу. Кайра-кайра банкка бара бербейли деп, акчаны үйдө эле сактап, чогултуп жүргөнбүз. Мынтип уурдап кетээрин кайдан билели. Ошол окуя болгон күнү кызым сабактан эрте келиптир, кирип келе жатып эшиктин алдынан шектүү унаа көргөнүн айтат. Көрсө уурулар дал ушул учурда уурулар үйдө экен, бир аздан кийин эле автоунаасын катуу айдап кетип калышыптыр. Укук коргоо органдары 10 күндөй убакыт өтсө да, алгылыктуу иш жүргүзө элек”,-дейт Мамырова.
 
Ал эми Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын кенже инспектору Сайкал Садыбакасова аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: