Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Чынгыз Айтматовдун Үй-музейине барышты. Мамлекеттердин башчылары улуу жазуучунун жакындары менен маектешип, үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты.

Чынгыз Айтматовдун уулу – Элдар Айтматов Президенттерге музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди жана Казакстан Президентине сүрөт белек кылды. Касым-Жомарт Токаев Каалоолор китебине жазуу калтырды. Кыргызстандын жана Казакстандын Мамлекет башчылары Чынгыз Айтматовдун үй-бүлөсү менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

Эске салсак, бүгүн, 27-ноябрда Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити болду.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 67