Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Калыков өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан билдиришти.

Бүгүн, 27-ноябрь күнү Ош шаардык сотунда М.Калыковдун кылмыш иши каралып, сот аны өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды.

Эске салсак, 2018-жылы 18-ноябрга караган түнү Баткенде прокурор Анарбай Мамажакыповду өлтүрүп кетишкен. Анын жансыз денеси шаардын четинен табылган.  Болжолдуу маалыматтар боюнча сөздөн уруш чыгып кетип Мелис Калыков Анарбай Мамажакыповду мылтык менен атып жиберген. Анын сөөгүн жашыруу үчүн өрттөгөн.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: