2013-жылдын январь айында Сапар Исаков “Электр станциялары” ААКнун башкы директору С.Авазов жана анын орун басары Ж.Назаровду өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырып, «ТВЕА» компаниясы тарабынан “Электр станциялары” ААКтын дарегине «Бишкек ЖЭБди Модернизациялоо» долбоору боюнча коммерциялык жана техникалык сунуш түшөөрүн айткан.

Сүйлөшүп алган соң, Исаков аларга президенттик аппаратка өзүнүн атына “Электр станциялары” ААК «ТВЕА»компаниясын тандагандыгын кабыл алуусун өтүнүп кат жазуусун тапшырган.

2013-жылдын 30-январында Сапар Исаков билдиргендей, “Электр станциялары” ААКна «ТВЕА» компаниясынын башкы директору Ли Бяньчудан «Бишкек ЖЭБди Модернизациялоо» долбоору боюнча техникалык жана коммерциялык сунуш келип түшкөн. Ошондой эле мындан аркы эки тараптуу мамилени жөнгө салуу үчүн кыргыз тараптан Мусажан Макелекти жетекчи кылып дайындоого сунуш берилген.

Эки күндөн соң 1-фераль күнү “Электр станциялары” ААК башкы директору С.Авазов жана «ТВЕА» компаниясынын башкы директору Ли Бяньчу курулуш жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн иштешүү ниетин билдирген Меморандумга кол коюшкан.

Меморандумдун тексти мурда эле даярдалганы ачыкталып калган. Н.Өмүралиев аттуу күбө 2019-жылдын 4-июлунда сотто сурак берип жатып төмөндөгүлөрдү билдирген:

Башкалар Сапар Исаковдон шекшип калбоо үчүн, Исаков “Электр станциялары” ААК аркылуу аракеттерин ишке ашырган. Башкача айтканда С.Исаков С.Авазовго чалып тапшырма берген. Биз “Электр станциялары” ААК дал ошол «ТВЕА» кытай компаниясы менен келишим түзүүнү демилгелеп чыгышыбыз керек болгон. Мунун бардыгы мага белгилүү болгондугунун себеби, 2013-жылы 31-январда Сапар Исаковго жазылган каттардын бардыгын мен жазгам. Сапар Исаков өзүнүн пландарын биздин колдор аркылуу ишке ашырган. Тагыраагы ага эмне керек болсо барын айтып турган, а биз өзүбүздүн оюбуз сыяктуу кылып айткандарын жазганбыз.

2013-жылдын 31-январындагы кат –  С.Авазов жана Ж.Назаровдун С.Исаковдун кылмыш планын аткарган бирден бир далили болуп турат.  Анткени “Электр станциялары” ААК президенттин аппаратына эч кандай тиешеси болгон эмес. Негизи энергетика жана өнөр-жай министрлигине же премьер-министрге жөнөтүлүшү керек болчу.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 74