Аймактар аралык кастыкты козуткан интернет колдонуучу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

24-ноябрда УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу “А.Ж.” кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Такталгандай “А.Ж.” жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаралып, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан“, – деп кабарлашты УКМКдан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
6
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 353