Учурда Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча сот тараптардын жарыш сөзүн угууда. Буга байланыштуу  Элдик медиа порталы ачык булактарга таянуу менен Кыргызстандын энергетикасын өнүктүрүү үчүн алынган дээрлик бир миллиардга жакын акча жана анын колдонулушу туурасында иликтеп көрдү.

ЖЭБ авариясы-чоң коррупциянын башын чыгарды

Бишкек ЖЭБдеги авариядан соң, Кытайдан алынган кредиттердин коротулушу коомчулукта чоң резонанс жаратты. Жөнөкөй аттиштин баасы алты жүз долларды чапчыганы айкын болду. Мындан тышкары эч кандай долбоорлук сметалык документтерсиз, техникалык экономикалык негиздемесиз модернизация иштери башталганы Жогорку Кеңештин трибунасында айтылып, коомчулуктун оозун ачырды.  Депутаттык комиссия ЖЭБди модернизациялоодо Кытайдын Эксим банкынан насыя алып, аны ТВЕА компаниясы ишке ашыруусуна жан тарткан деп Атамбаевдин ажо убагындагы тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду көбүн эсе күнөөлөгөн. Айрым эл өкүлдөрү баардык былык иштин аркасында Атамбаев өзү турат деп да айтышкан.

Бишкек шаарынын жылуулук электр борборуна алынган насыянын максатсыз пайдаланылганын, капыл тапыл колдонулганын мурдагы директору ачык айткан. Ал эми азыркы директору айта албаса да “шашпай баардык документтерди эске алуу жасаш керек эле”-деген сөзүнөн байкоого болот. Чындыгында 386 млн доллар эч кандай экономикалык эсептөөлөрсүз кайдан чыккан сумма экенин бул жердеги инженерлер деле анча түшүнө беришпейт. Эксперттер болсо бул асмандын башын чапчыган каражат экенин айтып келишүүдө.

Бишкек ЖЭБди модернизация кылган ТВЕА компаниясы дагы, насыяны 2 пайыздык үстөк менен бере салган Эксим банк дагы Кыргызстанга чоочун эмес. 2011-жылдан тартып эле энергетикалык ири долбоорлор ушул банк менен ушул компания ишке ашырып келе жаткан.

Маселен:

2011-жылдын 13-июну. Кыргызстандын түштүгүндөгү Электр аба чубалгыларын модернизациялоо үчүн Кыргыз өкмөтү Кытайдын эксим банкы менен 208 млн долларлык насыя келишимине кол койгон. Жылына эки пайыздык үстөгү менен жыйырма жылга санаганда  260 млн 734 миң долларды Кыргызстан төлөп бериши керек.

2012-жылдын 19-июну. “Датка Кемин” электр аба чубалгыларын куруу боюнча Кыргыз өкмөтү Кытайдын Эксимбанкы менен 389 млн 795 миң долларлык насыя келишимине кол койгон. Муну да жылына эки пайыздык үстөгү менен 20 жыл ичинде 497 млн 065 миң 643 доллар төлөшүбүз керек. 

2013-жылдын 11-сентябры. Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча Кыргыз өкмөтү Кытайдын Эксим банкы менен 386 млн долларлык насыя келишимине кол койгон. Үстөк пайызы менен эсептеген 492 млн. 304 миң. 765 $ доллар төлөөгө милдеттүүбүз.

Ошентип жалпы алынган насыянын көлөмү 983 795 000 долларды түзөт.  Бул Кыргызстан үчүн оңой эмес акча. Дээрлик өлкөнүн жарым жылдык бюджетине жетет. Бул дегендик ушул мамлекетте иштеп жаткан баардык адамдардын айлыгы, пенсия, пособия, жол куруу, капиталдык курулуштар… кыскасы жалпы өлкө боюнча мамлекет тараптан жарым жылдык акчанын көлөмү десек туура болчудай.

Катаал шарт менен алынган кредит

Негизи эле Эксим банктын койгон талаптары эсти оодарат. Чу дегенде эле насыянын комиссиялык төлөмү катары 0,25 пайыз төлөнгөн. Башкача айтканда банктан акча албай жатып комиссиялык чыгымдарды төлөөгө дуушар болгонбуз. Ошентип Датка Кемин аба чубалгыларын куруу, ЖЭБди модернизациялоо жана түштүк аба чубалгыларын модернизациялоо долбоору боюнча алынган насыянын 2,5 миллион долларга жакын каражаты банктан чыга элек жатып кала берген. Андан тышкары Кытайдын ТВЕА компаниясы Кыргыз Республикасындагы бажы төлөмдөрүнөн, акцизден, салыктардын баардык түрүнөн бошотулган. Натыйжада насыянын көлөмү негизсиз 50-60 миллион долларга чейин өскөн. Анткени салыктардан кире турган товарлардан бажы төлөмдөрү алынганда жок дегенде ал акча өлкөнүн бюджетине түшмөк. Муну менен Эксим банк эстен тандыра турган шарттарды койгон.

Алар:

  1. Сатып алынуучу товарлар кытайдан алынсын жана Кытайдын мамлекеттик стандартына жооп бериши керек.
  2. Насыя келишими бир гана Кытайдын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Талаштуу маселе жаралса, бир гана Гонконгдогу эл аралык арбитраждык соттун чечими акыркы болуп саналат.
  3. Насыя алуучу арбитраждык териштирүүгө байланыштуу өзүнүн мүлктөрүнөн жана иммунитетинен токтоосуз баш тартат.

Мына ушундай көз каранды кылуучу, эзүүчү доорду элестеткен насыя келишимине Кыргызстандын жогорку бутактагы ошол убактагы чиновниктери макул болуп кол койуп беришкен. Пайызы жогору, катаал шарттагы мындай насыялоого биздин чиновниктер эмне мынча көз каранды болушту дебейсизби? Жообу баягы эле эптеп үзүп жулуп калайын деген чоңдордун алкымына барып такалат.

Антпесе ошол эле “Датка Кемин” электр аба чубалгыларын жана чордонун куруу үчүн 2008-жылы эле техникалык экономикалык негиздеме иштелип чыккан. Анда долбоордун жалпы наркы, салыктардын баардык түрү менен кошо 343 млн доллар деп бааланыптыр. Бирок эмнегедир бул негиздеме кийин кагаз бойдон калып, эч ким көңүл бурган эмес.

Негизи эле 3 энергетикалык ири долбоордун ичинен Датка-Кемин аба чубалгыларын жана көмөк чордондорду куруу өзүнчө сөзгө арзыйт. 2012-жылы Премьер-министр Өмүрбек Бабанов ведомстволор аралык комиссия түзөт. Бул комиссияда 2008-жылы иштелип чыккан техникалык экономикалык негиздемени карап да коюшпайт. Өкмөт башчы Бабанов аталган комиссиянын чечиминин негизинде  “Кыргызстандын улуттук энергетикалык тармактар” Ачык акционердик коомуна Кытайлык “ТБЕА” компаниясы менен 389 млн 795 миң долларга контрактык келишим түзүү боюнча буйрук чыгарган. Натыйжада Американын акысыз грантына түзүлгөн техникалык экономикалык негиздеме четке кагылат. Эң кызыгы ТБЕА компаниясы менен келишимде эч кандай негиздеме да, экономикалык эсептөөлөр да жок болот. Баары бармак басты көз кысты менен бүткөн. Эми ишти аткаруучу ТБЕАны тандап алуудагы жана Эксим банктан алынуучунун насыя келишимдериндеги оркойгон негизги кемчиликтерге көз жүгүртөлү.

  • Долбоордо ишти аткаруучу компания тендерсиз тандалып алынган.
  • 2010-жылдын 28-майында ошол кездеги каржы министри Темир Сариевдин бир мамлекеттен мынчалык чоң акчаны карызга алуу инвестициялык кызыгууну азайтышы мүмкүн деген каты каралбастан калган.
  • Кийинчерээк каржы министри болгон Акылбек Жапаров ошол маалдагы премьер министр Өмүрбек Бабановго Кытай компанияларын сынак менен тандап, долбоордун наркын ылдыйлатуу керектигин сунуштаган. Бирок бул сунуш да суу кечкен эмес.
  • Кыргыз Республикасындагы Кытайдын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилиги дайыма насыяны алсаңар алгыла же болбосо мөөнөтү өтүп кетет деген маанидеги каттарды жазып ультиматум коюп турган.

ТВЕА кыргыз чиновниктерин кантип ыраазы кылган?

Мына ушундай Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келген энергетикалык долбоорлор 2011-2012-2013 жылдары капыл тапыл башталып калат. Жогорку даражалуу чиновниктер болсо эптеп Эксим банктын эки пайыздык кредитин алганга, анын үстүнө 3 ири долбоорду тең ТВЕА компаниясына карматканына сүйүнүшөт. Анткени кыргыз элинин кызыкчылыгына туура келбесе да кожоюндун кызыкчылыгына туура келтирип ишти бүтүрүп берген соң, алаканды ушалап сый акыны күтүшөт. Өз кезегинде ТВЕА компаниясы дагы кыргызстандын жогорку мартабалуу чиновниктерин көпкө күттүрбөй ыраазы кылуу үчүн аракеттерди баштайт.

2013-жылдын 7-январында ТБЕА компаниясы Гонконгдун офшордук зонасында ТБЕА КО ЛТД фирмасын ачкан. Бул ТБЕАдагы акчалардын айрым бөлүгүн офшордук зонага которууга шарт түзөт. Ал эми ТБЕА КО ЛТД офшордук фирмасы Кыргызстандын жогорку кызматтагы адамдарын “ыраазы”  кылуу үчүн түзүлгөнүн байкоо анчалык деле кыйын эмес.

Офшордук зонадагы каражаттардын которулушун финансы чалгындоо уюмдары көзөмөлдөй албайт. Бул өз кезегинде коррупция үчүн ыңгайлуу схема. Башта айткандай Датка-Кемин аба чубалгыларын куруу маалында Гонгонкко фирма ача калган ТВЕА компаниясы, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо аяктап калганда дагы бир шектүү фирманы ошол эле Гонконгдо каттаткан.

2017-жылдын 7-декабрында болсо ТБЕА дагы бир ТБЕА Энержинг Ко ЛТД аталышындагы компанияны Гонконкдун офшордук аймагында каттаткан. Алдын ала маалыматттар боюнча бул офшордук компания Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу 386 млн долларга макул болуп берген кыргыз чиновниктерин ыраазы кылуу үчүн түзүлгөндөй.

Энергетикалык долбоорлордон өөнөлгөн акчаны ошол убактагы бийлик адамдарына адалдап берүүдө Аскарбек Шадиевдин ролу чоң болгону да айтылат. Анткени дал ушул Шадиевдин чет өлкөлөрдөгу офшордук зоналарда беш компаниясы катталган болчу.

Алар:

Cooperita holding LTD- Сент-Китс жана Невис аралында катталган. Ээси аныкталган эмес.

Elborra H.LTD- Мексикада катталган. Ээси аныкталган эмес.

Farimeno investments LTD – Британиянын Виргин аралдарында катталган. Ээси Асель Шадиева

Valientie investemens LTD- Британиянын Виргин аралдарында катталган. Р. Джумалиев бул киши Аскар Шадиевдин ишенимдүү адамы болгон.

Fotrilla Investments LTD – Сент-Китс жана Невис аралында катталган. Ээси Асель Шадиева.

Негизинен офшордук аймактагы компаниялар туурасында кенен маалымат билүү өтө кыйын. Анткени офшордук аймак эч кандай маалыматтарды бербейт. Ошондуктан бул компаниялардын айрымдарынын ээсин аныктасак айрымдары аныкталбай калды. Бирок ошентсе да бул офшордук компаниялардын Шадиевге тийиштүү экенин болжолдуу түрдө ачык булактар аркылуу билүүгө мүмкүн болду.

Cooperita holding LTD- компаниясы Бишкектеги Глобус соода маркеттер түйүнүнө тиешеси бар “Интерес” ЖЧКсынын 99 пайыз акциясына ээ. Ал эми бир пайыз акция Асель Шадиеванын апасы Дүйшөкан Каныметованыкы.

Elborra H.LTD- Аскарбек Шадиев декларациясында дал ушул компаниядан жубайы Асель Шадиева 2 млн 250 миң доллар насыя алганын көрсөткөн.

Farimeno investments LTD – 2015-2017-жылдар аралыгында Шадиевге тийиштүү болгон  “Интерес” ЖЧКсына Кипрдагы банк аркылуу 2 млн доллар которгон.

Valientie investemens LTD- Шадиевге тийиштүү болгон “Карвен 4-сезона” ЖЧКсына 3 млн доллар өлчөмүндөгү акчаны күрөөсүз берген.

Fotrilla Investments LTD – 2018-жылдын июн айынан тарта Labnet chine LTD компаниясынын 33,5 пайыз акциясына ээлик кылат.

2018-жылдын 30-мартында УКМК Аскарбек Шадиевге карата бюджеттик каражаттарды ыйгарым алгандыгы туурасындагы материалдарды жиберет. Бирок ал кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева эки күндө ача турган кылмыш ишин создуктуруп туруп алат. Бул жагынан алганда Индира Жолдубаева УКМКдан Шадиевге материалдар келгени туурасын мурдагы президент Атамбаевге айтып, Атамбаев Шадиевге тез аранын ичинде Кыргызстандан чыгып кетүүгө кеңеш бергени айтылып келет. Натыйжада Аскарбек Шадиев ири мүлктөрүнүн баардыгын бир ай ичин башкаларга каттатып, Кыргызстандан качып кетүүгө үлгүрдү. Шадиев учурда Америка кошмо штаттарында. Бизге жеткен маалыматтар боюнча 20 млн долларга 200 жүк ташуучу унаа сатып алып, аларды ишке салган. Бул кошмо штаттарда өтө кирешелүү бизнес болгондуктан айына 2 млн доллар, ал эми жылына болжол менен 24 млн доллар таап жатканы маалым болду. Демек баягы энергетикалык долбоорлордон тапкан “пайдаларына” негизделген бизнес ийгиликтүү иштеп жаткандай.

Карызга алынган акчанын канчасы КРга келди эле?

3 ири энергетикалык долбоорго арналган  983 795 000 доллардын ичинен кыргызстанга болгону 124 млн 149 миң доллары гана которулган. Калган 859 млн 646 миң доллар сырттан келген эмес. Алар Кытайдын эксим банкынан кайсы жактарга эмне болуп коротулганы да белгисиз. Ал го ал, Кыргызстанга келген 124 млн 149 миң долларды дагы баягы эле адат менен бөлө тартмайды азыр тергөө органдары аныктап отурат.

ТБЕА компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн “Айыл Банк” ААКтын өздүк эсебине 124 млн 149 миң доллар которулган. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгындагы суракта ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү бул каражаттардын отчеттору Кытайга жиберилгенин айтып кутулушкан. Бирок алдын ала иликтөөлөр боюнча келген каражаттар төмөнкүдөй негизде бөлүнгөн.

71 982 934 доллар. Бул акча накталай түрдө чыгарылып, 14 кишиден турган ТВЕАнын кызматкерлерине берилген. Мында аталган компаниянын Кыргызстандагы өкүлү Макелек 10 млн доллардан ашык акчаны накталай алган. Алар бул каражаттар административдик чыгымдарга кетти дешкени менен документалдык түрдө тастыктап бере алышкан эмес. Учурда Кытайдын бул жарандары бүт баары өлкөдөн чыгып кетишкен.

18 767 220 доллар. ТВЕА компаниясынын КРдагы өкүлү Макелектин берген көрсөтмөсү боюнча бул каражаттар кеңсенин ижарасына, кызматкерлерге аванс катары берилген. Бирок бул дагы эч кандай документтер менен тастыкталган эмес.

9 779 560 доллар. Бул каражаттар накталай түрдө субподрядчиктерге берилген. Тиешелүү документтер бар, бирок алар да чоң шек саноолорду жаратат.

8 861 538 доллар. ТВЕА компаниясынын жумушчулардын тамак ашына коротулган.

2 000 000 доллар. “Калыс Ордо” жаңы конушундагы орто мектепти курууга коротулган. Бул боюнча да учурда кылмыш иши козголуп, мурдагы мэр Кулматов сурак берүүдө.

12 757 751 доллар. Бул акчанын дайын дареги жок. Иликтөөдө эч кандай документтер берилген эмес.

Ошентип бул жерде 124 млн 149 миң доллардын ичинен реалдуу чыгым болуусу мүмкүн деген каражаттын көлөмү 20 млн доллардан араң ашкан. Ал эми калган 103 млн 507 миң долларды ТВЕА компаниясы менен Кыргызстандын жогорку даражалуу чиновниктери кадимкидей эле АП этип сугунуп койбогондо эмне кылды деп ойлойсуз?

Жалпылап айтканда чиновниктердин чөнтөгүнө кирип кеткен, карапайым киши түшүндө көрбөгөн миллиондогон долларлар Кыргызстандын бир топ социалдык көйгөйлөрүн чечип алуусуна жарамак. Бирок тилекке каршы бир ууч топ энергетиканы өнүктүрүү максатына жамынып, миллиондогон акчаларды уурдап кетишти. Эң өкүнүчтүүсү биздин чиновниктер уурдаган акча карызга болгондо да үстөк пайызы менен алынган болчу. Насыяга алынган 983 млн 785 миң долларды Кыргызстан 2033-жылга чейин үстүнө 266 млн 308 миң кошуп, 1 млрд 250 млн 103 миң доллар кайтарып берүүсү зарыл. Бул болсо эми келген өкмөттүн чоң көйгөйү, алар төлөй албаса келечек муундун шору болуп калышы мүмкүн. Анткени мынча чоң каражатка сөзсүз түрдө күрөө койулат.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 149