Мурдагы депутат Ширин Айтматованын коррупция менен күрөш тууралуу акыркы билдирүүлөрү баарына бирдей таасир эткен жок көрүнөт. Бишкектин тургуну Виктор Гавришев Айтматованын жанында ошондой коррупционерлердин бири жашай турганын билдирди. Кеп Сыргак Кенжебаев тууралуу болуп жатат.

Виктор Гавришев «Вечерний Бишкекке» кайрылып, Айтматованын күйөөсү анын жашоосунада кандай роль ойногонун айтып берди.

Гавришевдин айтымында, ал жана «ГлобалАзия Телеком» ишканасынын башка кызматкерлери кылмыш жообуна тартылган, иштин ачылышына дал ошол Сыргак Кенжебаевдин тиешеси бар.

«2005-жылы «ГлобалАзия Телеком» ишканасын түптөдүм. Кийин саясий туруксуздуктун айынан инвесторлор кызматташуудан баш тартты. 2010-жылы санктпетербургдук өнөктөштөрүм компанияны калыбына келтирүүнү сунуштады, дал ушул жерден эл аралык деңгээлдеги аферист Сергей Богданов аттуу неме пайда болду. Ал компаниянын түзүүчүлөрүнүн бири болот. Богданов орусиялык өнөктөштөр менен иштеп, алардан ири суммадагы акчаны алат. Каражаттын бир бөлүгү жоголот да, Богданов күнөөнүн баарын мага жана башка кесиптештерибизге оодарууну туура көрөт. Ушул жерден Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев пайда болот, ал Богданов менен тергөөнүн ортосунда ортомчуга айланат. Кенжебаев тиги Богдановду ошол кезде Аида Салянова башкарып турган Башкы прокуратурадагы керектүү адамдар менен байланыштырып турган», — дейт Гавришев.

Кенжебаев Богдановго жана анын өнөктөштөрүнө жардам берип, Гавришевге, уулуна жана башка бир катар адамдарга ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча кылмыш ишинин козголушуна кол кабыш кылыптыр.

«Буга кошо Кенжебаев ШИИБде сурак маалында менин уулумду уруп-сабоого да катышкан. Самса алып келип, кийин суракка катышыптыр. Уулум өзүн жоготпой, аудиожазууну жандырганга үлгүргөн экен, ал жерде эмне болгону телефонго жазылып калган. Коомчулук ал адам тууралуу билиши керек. Кенжебаев уулумду көкүрөк тушка үч жолу соккон. Мен сөздөрүмдүн баарын сотто далилдөөгө даярмын», — дейт ал.

«Кылмыш ишинин алкагында Кенжебаевдин досу болгон тергөөчү Баялиев ар кандай сурактарды ашыкча «чеберчилик» менен өткөрүп, фигуранттардын бирин суицидге жеткирди», -деп кошумчалады ал.

Башында Гавришев менен анын кесиптештерин 625 миң долларды менчиктеп алган деп айыпташкан. Шектүүлөрдүн баарын тинтүүгө алышкан. Алардын Богданов менен беттешүү өтүнүчү эске алынбай, акырында тосмо арыз менен иш жабылган. Бирок ири суммадагы акча айтылып жаткан иштер тосмо арыз менен жабылбашы керек деген Гавришевдер Башкы прокуратурага кайрылат, анысы жоопсуз калтырылат.

Гавришев андан кийин да мыйзамсыз аракеттер уланганын, алардын Богдановго карата тапкан далил-фактылары эске алынбаганын айтат.

Арыздануучунун айтымында, Баялиев сотто Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев ага жардам көрсөткөнүн мойнуна алган.

«Вечерка» Ширин Айтматовага комменатрий үчүн кайрылган. Экс-депутат жолдошу чет өлкөдө экенин билдирди. Виктор Гавришевдин айыптоолорун болсо каралоо катары баалап, балким, мунун артында Матраимовдор турат деген пикирин билдирди.

Гавришев болсо Айтматова жана анын күйөөсү менен түз эфирде жолугуп, баарын бетине коюп берүүгө даяр экенин айтты.

Булак: jebe.media

Макала жактыбы?

НетДа
1
2
Loading...
Просмотров: 176