Бишкектеги орус драма театрында оңдоо иштери башталат

39

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн долбоордун сметасы даярдалып бүттү. Учурда оңдоо иштеринин этабына өтүп жатканы аталган театрдагы көчмө жыйында белгилүү болду.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана тиешелүү адистер катышкан жыйында бүгүнкү күндө театрдын реалдуу абалы, анын алгачкы абалы жана тегерегинде мыйзамсыз курулган бир катар объектилерди алып салуу, театр кызматкерлерине керектүү шартты түзүп берүү маселеси талкууланды.

Жакында театр тарабынан мамлекеттик сатып алуулар мыйзамы боюнча имаратты иретке келтирүү иш-аракеттердин активдүү фазасы башталат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь