Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту 12 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча козголгон кылмыш ишти карап чыгып, чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Жабырлануучу тараптын айтуусу боюнча, 12 жаштагы Арина (ысымы өзгөртүлдү) 5 жылдан бери классташы Айдайгүл (ысымы өзгөртүлдү) менен достошуп келген. Арина 2017-жылдын август айында өзү жашаган үйдүн короосунда Айдайгүлдүн атасы Русланга (ысымы өзгөртүлдү) капыстан жолуккан. Ошондо Руслан кызга кийинки күнү айылга бирге барууну сунуштаган. Айылга чоң апасынын үйүндөгү Айдайгүлгө бара турганын айткан.

Андан кийинки күнү түштөн кийин Руслан Аринага телефон чалып, өзүнүн үйүнө чакырган. Алар айылга чыгып кетишмек. Кыз анын үйүнө барганда шербет сунуштап, бирок Арина андан баш тарткан. Ошол учурда Руслан кызга ичи оруп жатканын айтып, укалоо жасап берүүнү суранган. Алар уктоочу бөлмөгө кирип, Арина классташ кызынын атасынын курсагына укалоо жасап баштаган.

Уктоочу бөлмөдөн Руслан кыздын колун улам төмөндөтүп отуруп, акырында оралдык секске мажбурлаган. Ишин бүтүргөндөн кийин бул окуяны эч кимге айтпа деп коркуткан.

Руслан шаардагы спорт мектепте укалоочу (массажист) болуп эмгектенчү. 2018-жылдын 1-майында ага Арина кайрылып, алдыдагы спорттук мелдешке даярдык көрүүгө жардам сураган. Руслан ал кызды иш бөлмөсүнө чакырып, жылаңач кылып чечинтип алып, кайрадан оралдык секске мажбурлаган.

2018-жылдын октябрь айында Руслан Аринанын WhatsApp-номуруна порнографиялык видеотасма, андан бир нече күндөн кийин эркек кишинин жыныс мүчөсүнүн сүрөтүн жөнөткөн. Ошондон кийин Арина Русландын телефон номурун байланыша алгандай кызматты колдонгон. Бирок бул учурда Руслан өзүнүн кызынын жардамын алып, кайрадан Аринаны эч кимге айтпа деп телефон аркылуу коркутуп баштаган.

Бул окуяларды Арина классташ кызына айтып берген. Ал кыз апасына айтып, апасы Аринадан маалыматты тактаган соң милицияга маалымат берген. Андан кийин Руслан кармалып, тергөө иштери башталган болчу.

Айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Ал Аринага WhatsApp аркылуу порновидео жөнөткөнүн, бирок күч колдонбогонун айтты.

Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында Руслан өспүрүмгө сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган деп айыпталып, 13 жылга эркинен ажыратылды.

Булак:barakelde.org

Макала жактыбы?

НетДа
2
6
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: