«Республика» партиясы 2020-жылы парламенттик шайлоого барат, бирок мурдагы өнөктөшү болгон «Ата-Журт» партиясы менен бирикпейт.

Республикачылдардын айтымында, 2019-жылдын аягында съезд өткөрүүнү пландашкан, бирок мөөнөтү жылып калгандыктан, учурда форумга чогулуунун датасы талкууланууда.

” Съездде партия шайлоого кандай форматта барары расмий жарыяланат. Ал эми лидерликти алмаштыруу боюнча Өмүрбек Бабанов ыйгарым укуктарын өткөрүп береби же жокпу өзү жарыялайт. Эгерде партиянын лидерлик оруну бошосо, негизиги эки талапкер бар алар –  Руслан Казакбаев жана Мирлан Жеенчороев”,-деп белгилейт саясий уюм.

Эске салсак, «Республика — Ата-Журт» тандеми Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиевдин макулдашуусу менен 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында түзүлгөн.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: