Талас облусунун Талас райондук соту зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иштин материалдарын карап чыгып, чечим чыгарды.

Адыл (аты өзгөртүлдү, А.А.), Дамир (аты өзгөртүлдү, И.А.), 1979-жылы туулган Кымбат (аты өзгөртүлдү, Г.К.), 1991-жылы туулган Жылдызбек (аты өзгөртүлдү, Ж.у.Н.) 2019-жылдын 11-майында Талас районундагы айылдардын биринде жолугушкан. Алар каналдын жээгинде жайгашкан сарайда спирт ичимдигин ичип отуруп, Адыл менен Дамир өздөрүнүн жыныстык кумарын кандырууну көздөшкөн. Жабырлануучу Кымбат аталган сарайдагы турак үйгө уюлдук телефонун кубаттагычка коюу үчүн кирген маалда анын артынан Адыл кирип, Кымбаттын мас абалынан пайдаланып зордуктаган. Андан кийин Дамир кирип, ал дагы өзүнүн кумарын кандырган. Дамир өзүнүн ишин аяктагандан кийин Адыл жабырлануучуну кайрадан зордуктаган.

Жабырлануучунун айтымында, 2019-жылдын 10-майы күнү Талас районунун айылдарынын биринде жашаган таанышы Жылдызбекке телефон чалып, картошканын уругун сураган. Андан кийин Жылдызбек экөө базардан жолугуп, бир литр арак, майда-чүйдө азык-түлүк алып, такси менен Жылдызбек жашап жаткан сарайга барышкан. Ал жерден базардан алган спирт ичимдигин ичишип, экөө өз көңүлү менен бир жолу жыныстык катнашта болушкан. 11-майда болжол менен саат 10:00 чамасында Жылдызбек таанышына телефон чалып: «Арак алып кел» деп чакырган. Кымбат саат 12:00 чамасында жаткан жеринен туруп, телефонун кубаттагычка сайган. Ошол маалда дөңдөн эки караан көрүнгөн. Жылдызбектен сураса, ал: «Бири өкүл атам, экинчиси тааныш байке» деп жооп берген.

«Адыл менен Дамир эки бөтөлкө (0,5 литрлик) арак ала келишиптир. Аны төртөөбүз отуруп ичтик. Жылдызбек бир коен союп, куурдак жасап берди. Болжол менен саат 16:00 чамасында телефонумду алайын деп үйгө кирдим. Артымдан Адыл кирип келип, “экөөбүз бололук” деп колумду артка кайрып, күч менен ич кийимимди чечип, төшүмдөн өпкүлөдү. Андан кийин 5 мүнөткө жакын жыныстык катнашта болду. Адыл туруп кеткенден кийин мен мас болгондуктан уктап кетиптирмин. Андан кийин Дамир кирип келди. Адыл “үйгө кетелиби?” дегенде, Дамир “бир аз жата турайын” деп жооп берди», – деди жабырлануучу.

Кымбат андан ары сөзүн улап, Дамир жанына жатып, эркелетип, кучактап, жакшы мамиле кылгандыктан өз көңүлү менен жыныстык катнашта бир жолу болгонун айтты. Ортодон жыйырма мүнөт өткөндөн кийин Адыл кирип, кайрадан күчкө салып жыныстык катнашта болуп, сыртка чыгып кеткенин билдирди.

«Кийинип, сыртка чыксам Жылдызбек туруптур. Аны көрүп эле “сенин өкүл атаң мени зордуктап салды. Үстүнөн арыз жазам, үйгө жеткир” деп кыйкырып уруштум. Андан кийин милицияга телефон чалдым. Жылдызбек жолдон унаа тосуп, мени салып жиберди», – деди ал.

Кымбат соттук отурумда айыпталуучу Дамир экөө өз көңүлү менен жыныстык катнашта болгонун, ал зордуктабаганын, жигити Жылдызбектен уялгандыктан жана мастыгынан ачуусу келип, арыз жазганын айтты. Дамирге карата эч кандай доосу жоктугун айтып, актап берүүнү суранды. Ал эми айыпталуучу Адылды кечиргенин айтып, аны кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну сурады.

Соттук отурумда айыпталуучу Адыл күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. 2019-жылдын 11-майында болжол менен саат 12:00 чамасында өкүл баласы Жылдызбек телефон чалып: «Бир келин бар, сарайга арак алып келип калыңыз» дегенин, макул болуп айылдашы Дамирди ээрчитип барганын айтты.

«Коен союп, куурдак бышырып, арак ичип отурдук. Бир маалда Жылдызбек бирөөнүн чөбүнө кирип кеткен уйларын айдап келүү үчүн кетти. Ошол учурда Кымбат үйгө кирген. Анын артынан барып, жыныстык катнашта бололу деп сунуш бердим. Бир аз каршылык көрсөттү. 3 мүнөткө жакын жыныстык катнашта болуп, сыртка чыгып кеткем. Андан кийин үйгө кирсем, Кымбат жаңы кийинип жатыптыр. Жанына барганда эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Кайрадан жыныстык катнашта болдук. Ал эми Кымбаттын Дамир менен жыныстык катнашта болгонун билген жокмун. Кечинде гана кабардар болдум», – деди ал.

Адыл сотто жабырлануучу менен элдешкенин, кылган ишине өкүнүп, камакка байланышпаган жаза берүүнү сурады.

Соттук отурумда айыпталуучу Дамир күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, Кымбат үйгө, Жылдызбек уйларга кеткенин, ошол маалда өзү төө буурчактарды көрөм деп айдоо аянтына барганын, ал жерде 15-20 мүнөткө жакын жүрүп кайра келгенин айтты.

«Биз арак ичкен жерде эч ким жок экен. Суу ичейин деп, идиш издеп үйгө кирдим. Төркү бөлмөдө Кымбат жылаңач болуп жатыптыр. Анын жанына барып жаттым. Ал өз көңүлү менен жыныстык катнашта болду», – деди ал.

Дамир соттон өзүн актап берүүнү суранды.

Жыйынтыгында сот тарабынан Кымбаттын кылмыш ишти кыскартуу боюнча өтүнүчү канааттандырылып, Жазык кодексинин 161-беренесинин 1-бөлүмү менен айыпталган Адыл Жазык кодексинин 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулду. Бөгөт коюу чарасы катары тандалган камак түрү өзгөртүлүп, үй камак түрү тандалды. Бирок токтом мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин бөгөт коюу чарасы катары тандалган үй камак түрү алынмай болду.

Токтом 15-ноябрда чыккан.

Булак: turmush.kg

Макала жактыбы?

НетДа
3
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: