Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында жол кырсыгы болуп бир адам жабыркады.

Кечээ 27-ноябрда «Ауди» жана «Фольксваген Пассат» унаалары бет маңдай кагышкан. Катуу урунган «Фольксваген» аялдаманы барып сүзгөндө бетон тосмо унааны басып кулаган. Бактыга жараша унаанын ичиндеги айдоочу, эки аял жана жаш бала аман калышты.

Ысык-Көл ОЖКККБнын инспекторлору кырсык болгон жерге барып, текшерүү жүргүзүштү. Айдоочулар 1990-ж.т. Н.А. жана 1989-ж.т. Ч.М. Түп айылынын жашоочулары болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 209